Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына арналган илимий жыйын өтүп жатат


Бишкектеги мамлекеттик Тарых музейинин имаратында Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракесине арналган илимий-конференцияга Президенттин аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Президенттин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жана башка тарыхчы, окумуштуулар катышууда. Жыйында Исхак Раззаковдун Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө кошкон салымы, анын мекенчилдиги белгиленди. Маараке ээсине арналган мамлекеттик сыйлык анын учурда Москвада жашаган кызына тапшырылганын “Азаттыкка” Президенттин аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев билдирди.

Коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1979-жылы Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта калган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган. Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG