Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Фракциялар төрага орун басарлардын талапкерлигин кароодо


Бүгүн Жогорку Кеңештин беш фракциясы өздөрүнүн жыйындарын өткөрүп, комитеттерди түзүү, спикер орун басарларына талапкерлерди кароодо. 23-декабрда боло турган жыйынында “Ата Мекен” фракциясы төраганын орун басарлыгына Асия Сасыкбаеванын, ЖКнын Укук жана тартип коргоо комитетине төрагалыкка Турат Мадылбековдун талапкерлигин сунуштайт. Мындай чечим бүгүн фракция жыйынында кабыл алынганын “Азаттыкка” "Ата Мекен" фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков кабарлады. “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Каржы комитетин “Ар-намыс” фракциясына берүүгө макул болгонбуз”, - деди ал.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары менен Каржы, Укук жана тартип коргоо комитеттеринин төрөгалары оппозициядан дайындалат.

Маалымыттарга караганда, "Республикадан" Бакыт Төрөбав, КСДПдан Асылбек Жээнбеков, "Ар-намыстан" Бөдөш Мамырованын талапкерликтери төрага орун басарлыгына көрсөтүлүп жатат. Парламенттин 23-декабрдагы кеңейтилген жыйынында комитеттер жана төрага орун басарын дайындоо маселеси каралат. Фракциялардын жумушчу топтору 14 же 15 профилдик комитеттерден турган парламенттин курамын түзүү сунуштарын карап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG