Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:30

Ү.Сыдыков менен И.Масалиевдин иши боюнча күбөлөр суралды


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 27 күбөнүн бешөө суралды. Күбө катары “Ак Жол” партиясынан депутаттар Айнура Турдубаева, Роза Абдыраимова, Нурлан Койчубаков жана "Коммунисттер" партиясынан Николай Байло менен Шарипа Садыбакасова көрсөтмө беришти. Алар айыпталуучулардын негизсиз жоопко тартылып жатканын белгилешти. Соттук териштирүү эртең да уланмай болду.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен "Коммунисттер" партиясынын лидери Искак Масалиевге 12-13-май күндөрү "массалык башаламандык уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон. Ү. Сыдыков жана И. Масалиев өздөрүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG