Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн көз карандысыз эксперттер катышкан өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, кыскартуунун негизги ресурстары ведомстволук тузүм жана уюмдардын эсебинен болмокчу. Жыйында айтылгандай, 2010-жылы айлык акы жана социалдык төлөмдөргө кеткен чыгаша 30 млрд., капиталдык чыгаша жалпысынан 13 млрд. сомду түзгөн. Бабанов транспорттук жана унаа менен айдоочуга кеткен чыгашаларды 40% кыскартуу керектигин, мындай токтомго кол коюлганын белгиледи. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр өкмөт мүчөлөрүнө 2011-жылдын февраль айына чейин өлкөнү каржылоо планын түзүүнү тапшырды. (КЕ)