Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Беларуста жүздөгөн киши абакта кала берүүдө


Бийликтер президент Александр Лукашенко кайра шайланды деп жарыяланган жекшемби күнкү шайлоодон кийинки тополоңдо оппозициянын 600дөн ашык мүчөсү кармалгандыгын бышыктады. Ички иштер министрлигине ылайык, активисттер 5-15 күндүк мөөнөттөргө кесилди. 19-декабрда камакка алынган жети оппозиция лидеринин бешөө да камакта кала берүүдө. Ишки иштер министри Виктор Голованов Минскидеги нааразылык акциясы менен байланышы бар саясий партиялар «ликвидацияланышы» мүмкүн экендигин эскертти. Оппозициячыл топтор «камактагылар менен боордоштук өнөктүгүн» башташканын жарыялагандан кийин, кечээ кечинде Минскидеги камак борборунун сыртында ондогон киши шам кармап турушту. Акцияга чогулгандардын көпчүлүгү полициянын эскертүүсүнөн кийин тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG