Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Испан парламенти коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салды


Испания Европадагы тамекиге каршы катаң мыйзамдары бар өлкөлөрдүн катарына кирүүгө даярданууда. Испан парламенти кечээ добуштардын 189-154 катнашы менен бардык жабык коомдук жайларда, анын ичинде ресторан, бар, түнкү клубдарда тамеки түтөтүүгө тыюу салды. Мадриддеги Сүмөлөк кыргыз-испан изилдөө борборунун жетекчилеринин бири Алтынай Байбекова бул мыйзамды испандардын басымдуу бөлүгү аткарат деген ишенимин билдирди:

- Испандар негизи мыйзамды сыйлашат, бирок кафе-бар көп болгон айыл жеринде бул мыйзам канчалык аткарыларын билбейм. Анын үстүнө, ресторан, барлардын ээлери кирешебиз азаят деп нааразы. Бирок көпчүлүк бул чектөөгө сүйүнүп жатышат.

Мыйзам 2-январдан тартып күчүнө кирет. Анын колдоочулары бул мыйзам тамеки тартпаса да, анын түтүнүнөн дем алгандардын мезгилинен мурда өлүм болушун алдын алат деп ишенишет.

XS
SM
MD
LG