Ооган бийликтеирне ылайык, Иран эки аптадан бери танкерлерди кармап тургандыктан, жүздөгөн айдоочу ара жолдо калды. Ооганстандын тышкы жана соода министрлери Тегеран азырынча эч кандай түшүндүрмө бере электигин айтууда. Иран бул күйүүчү май Ооганстанда талиптер менен согушкан НАТО күчтөрүнө берилет деп шектенип жаткан болушу мүмкүн.