Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

АКШ өкмөтү жалпы республикалык тестирлөө үчүн каражат берет


АКШ өкмөтү ЮСАИД (АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) аркылуу 2011-жылы Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө өткөрүүнү колдоп каражат бөлүүнү улантат. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымдашынча, жаңы жылда да тестирлөөгө катталуу үчүн төлөнгөн сумма 220 сом бойдон калат. Мындай тестирлөө жогорку окуу жайларга тапшыруудагы коррупцияны азайтуу максатында Кыргызстанда 2002-жылдан тарта ЮСАИДдин колдоосу менен жүргүзүлүп келет. Бул жылдар аралыгында тестирлөөгө жалпысынан 200 миңден ашуун бүтүрүүчү катышып, 40 пайыздан ашыгы жогорку окуу жайларда бюджеттик негизде билим алууга мүмкүнчүлүк алышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG