Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча өкмөттүк программа түзүлөт


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 22-декабрда күч структуралардын жетекчилери менен жыйын курду. Анда өкмөт башчы өлкөнүн жаңы Баш мыйзамына ылайык, мыйзамдуулукту жана укукту сактап камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өкмөттүн милдеттери жана мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин айтты. Ушундан улам эл алдында жоопкерчилик да чоңойгонун белгиледи. Премьер-министр мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча реформалардын программасын чукул арада иштеп чыгуу керектигине токтолду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG