Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:54

Парламент Жогорку Кеңештин курамын куроого киришти


Башкаруучу коалиция спикердин беш орун басарын шайлап, 16 комитет түзүүнү сунуштоодо. Булардын ичинен үч комитет оппозициядагы фракцияларга берилет. Алар: бюджет, адам укуктары жана тартип коргоо тармактары боюнча комитеттер. Төрага Акматбек Келдибеков парламенттеги комитеттердин көбөйүшү Жогорку Кеңештин  жоопкерчилигин арттырат деп түшүндүрдү. Мурдагы чакырылышта парламентте 9 комитет бар болчу.

Ал эми беш вице-спикер шайлоо тууралуу сөз болгондо төраганын орун басарлары оппозициядагы фракциялардан болушу керек деген сунуштар айтылды. Ушул тапта депутаттар вице-спикерлерди шайлоо жараянына даярдык көрүү үчүн тыныгууга тарашты.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG