Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Кытайлык жарандан акча талап кылгандар кармалды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 21-декабрдан 22-декабрга оогон түнү Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынан 28 жаштагы кытайлык ишкер уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, 21-декабрь күнү күндүзү кытайлык ишкерди базардын аймагынан белгисиз бирөөлөр унаага күчтөп отургузуп алып кетишкен. Алар ишкердин жанындагы 20 миң сомго жакын акчасын алып, дагы 200 миң доллар талап кылып, анын жакындарына телефон чалышкан. Издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында кытайлык ишкерди уурдаган эки киши Чыгыш-5 кичирайонунан кармалган, кармоо учурунда алардын бири милицияга каршы ок чыгарган. Үчөө качып кетүүгө үлгүрүшкөн, ал эми кытайлык ишкер ооруканага жеткирилди. Киши уурдагандарды кармоо ИИМдин экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG