Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

“KG” домендик зонасын башкаруу борбору жабылды


Мамлекет башчынын жардыгы менен интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматтын карамагындагы “KG” домендик зонасын башкаруу борборунун иши токтотулду. Ал эми андагы 11 кызмат орду интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматтын карамагына, 9 кызмат орду борбордук аппаратка, ал эми 2 кызмат орду интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик фондго өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“KG” домендик зонасын көзөмөлдөө укугу 2009-жылы 7-апрелден тарта “Кыргызпатент” мамлекеттик кызматына берилип, ал жерде “KG” домендик зонасын башкаруу борбору түзүлгөн. Айрым укук коргоочулар муну бийлик интернет айдыңын көзөмөлдөөгө жасаган аракети катары баалашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG