Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

2011-жылдын бюджетин парламент кийинки жылы карайт


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун журналисттерге билдиргени боюнча 2011-жылдын бюджетин кароого парламент январь айында киришет. Төрага ошондой эле жаңы жылдан кийин депутаттарга тыныгуу зарылдыгын айтып, бул убакытта эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушарын маалымдады. Парламенттик кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча спикер бирок тыныгуу канча күнгө созулушу ыктымалдыгын айткан жок. А. Келдибековдун сөзү боюнча бул сунуш бүгүн-эртең парламентте депутаттардын кароосуна коюлат.

Келерки жылдын бюджети үчүн 61 млрд. сом киреше, ал эми чыгашасы 79 млрд. сом деп каралган. Байкоочулар эмки жыл бюджетинин таңкыстыгы 30 млрд. сомго барат деп болжолдошууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG