Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн карызын төлөдү


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү жыйында билдиргени боюнча Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн карызын төлөдү. Анын айтымында, Кыргызстанды келерки жылы көгүлтүр от менен камсыз кылуу боюнча алдын ала түзүлгөн келишим бар, бирок азырынча өзбек тарап менен расмий кол коюлган келишим жок. Премьер-министр элди көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун жолдорун табуу зарылчылыгын белгиледи. Жыйында энергетика министри Аскарбек Шадиев менен "КыргызГаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев өлкөнү газ менен камсыз кылууда тоскоолдуктар болбой турганын айтышты.

Өкмөт башчы энергетика жетекчилерин газдын кийинки баасы боюнча такталбаган маалыматтарды элге чыгарбай турууну сурады. Анын айтымында, 2011-жылы газдын баасы учурдагы баадан дээрлик эки эсе төмөн болот деген маалыматтар азырынча так эмес.

Өкмөттүн маалыматы боюнча Бишкек ЖЭБда 242 миң тоннадан ашуун көмүр, 20,6 миң тонна мазут бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG