Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

Түштүк Корея түндүктөгү коңшусуна эскертүү жасады


Бүгүн Түштүк Корея Түндүк Корея менен кургактагы чек арасында ири аскерий машыгуу өткөрдү. Ага жүздөгөн аскер кызматчылары катышып, танктар, тик учактар тартылды. Түштүк Кореянын президенти Лин Мен Бак машыгуулардын соңунда эгер Түндүк Корея кол салса түштүк кореялык аскерлер чечкиндүү жооп берүүгө даяр экендигин эскертти. Түндүк Корея болсо бул аскерий машыгуулар учурунда күч колдонорун айтып, кандайдыр бир опузалоолорго барган жок. Бирок Түштүк Кореяны катуу сынга алды. Атап айтканда Пхеньян Сеулдун аракети согуш отун тутандырууга багытталган “так теке” режим деп мүнөздөдү. Корей жарым аралындагы кырдаал Түндүк Корея мындан бир ай мурда Түштүк Кореянын Йонпхендо аралын артиллериядан аткылагандан кийин курчуп кетти.

XS
SM
MD
LG