Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Сауд Арабияда калган кыргызстандык жарандын абалы оор бойдон


Ажылык сапарга барып, саламаттыгынын кескин начарлаганына байланыштуу жергиликтүү ооруканага жаткырылган кыргызстандык жаран Ш. Усманованын абалы оор экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кабарларда айтылгандай, оорулуунун жанында туугандары бар, бирок аны Кыргызстанга алып келүүгө азырынча саламаттыгы жол бербей жатат. Сауд Арабиядагы кыргыз элчилиги Ш. Усманованын абалына көз салып, анын туугандары менен байланышып турат.

Быйыл ажылык сапарга 4 500 чукул киши кеткен, алардын ичинен экөөнүн ден соолугу кескин начарлап, каза тапкан. Алардын сөөгү ошол жакта жерге берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG