Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Орусиянын Думасы START келишимин эртең ратификациялашы мүмкүн


АКШнын артынан Орусия өзөктүк куралды кыскартуу келишимин эртең ратификациялашы мүмкүн экендигин Мамлекеттик думанын төрагасы Борис Грызлов билдирди:

- Эгер ратификация боюнча резолюциянын шарттары келишимдин текстине таасирин тийгизбесе, биз келишимди эң эрте дегенде эртең жактыра алабыз.

Мамлекеттик думадан соң келишимди орус парламентинин жогорку палатасы – Федерация кеңешинин да жактыруусу талап кылынат.

Өзөктүк куралдарды кыскартууну караган келишимди АКШнын Сенаты кечээ ратификациялады. Документти 71 сенатор жактап, 26сы каршы болду. Келишимге АКШ жана Орусия президенттери быйыл апрель айында кол койгон. Ага ылайык эки өлкө колундагы өзөктүк дүрмөттөрүн 30%га кыскартып, алдыдагы жети жылда алардын саны ар бир өлкөдө 1550дөн ашпоосу керек.

АКШ Сенаты документти ратификациядан өткөрүүсүн Орусиянын өзү, НАТО, Улуттар уюму кубаттоого алды.

XS
SM
MD
LG