Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Стамбулда экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат


Саммитке Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери жана конок ээси Түркиядан тышкары Иран, Ооганстан, Пакистан, Азербайжандын президенттери катышууда. Он өлкө мүчө Экономикалык кызматташтык уюму аймактык сооданы жана экономикалык өнүгүүнү колдоону максат кылат. Саммитке катышып жаткан кыргыз президенти Роза Отунбаева, президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн ооган президенти Хамид Карзай, Пакистан президенти Асиф Али Зардари, Азербайжан президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Азери президенти Илхам Алиев менен жолугушуусунда Роза Отунбаева Кыргызстандан бул өлкөдөн жылына 15 миң тонна мунайзат продуктыларын сатып алуусу жөнүндөгү маселени көтөргөн. Азери президенти бул ыктымал сооданы ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген. Кыргызстан мунайзат продуктыларын буга чейин Орусия менен Казакстандан гана сатып алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG