Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:46

АКШ жана Евробиримдик Беларус менен мамилесин кайра кароодо


Алар Минск менен мамилесин беларус бийликтери оппозиция жактоочуларынын президент Александр Лукашенконун кайра шайлануусуна каршы нааразылык акциясын күч менен айоосуз баскандан кийин барып жатат.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон бүгүнкү биргелешкен билдирүүсүндө беларус бийликтерин 19-декабрдын кечиндеги демонстрациядан кийин камалган 600дөн ашуун адамды бошотууга чакырды.

Рейтер агенттиги беларус полициясына шилтеме жасап кабаралаганына караганда, мурдагы президенттикке талапкерлердин камакта отурган бешөөсүнө жана оппозициянын башка 14 активистине “массалык баш аламандык уюштурган” деген айып коюлуусу мүмкүн. Кылмыш кодексинин бул беренеси 15 жылга чейинки түрмө жазасын карайт.

Беларус оппозициянын жактоочулары 19-декабрь күнү Минск шаарынын борбордук аянтына Александр Лукашенконун жеңиши менен аяктаган шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деген жүйөө менен чыгышкан. Чогулгандардын айрымдары өкмөт үйүнө кирүүгө аракеттенгенде, полиция уруп-согуу аркылуу тараткан.

XS
SM
MD
LG