Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Түндүк Корея Түштүк Корея менен “ыйык согушка” даяр


Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы мындай эскертүүнү бүгүн Түштүк Корея Түндүк Корея менен кургактагы чек арасында ири аскерий машыгуусун аяктар замат жасады.

Түндүк Кореянын аскер башчысынын атынан таратылган билдирүүдө Түндүк Корея Түштүк Кореянын “чагымчыл аракеттерине” каршы “өзөктүк каражаттарды” колодонууга даяр экендиги айтылат.

Мунун алдында жүздөгөн аскер кызматчылары, танктар, тик учактар, тартылган машыгуудан кийин Түштүк Корея президенти Лин Мен Бак аскерлер эгер Түндүк Корея кол салса, чечкиндүү жооп берерин эскерткен.

Корей жарым аралындагы кырдаал Түндүк Корея өткөн айда Түштүк Кореянын Йонпхендо аралын артиллериядан аткылагандан кийин курчуп кетти. Бирок Пхеньян Сеулду аймакты согушка атайлап түртүп жатат деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG