Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Ирактын жаңы өкмөтүндө 1 гана аял бар


21-декабрда Ирактын парламенти жактырган өкмөттө бир гана аял болгонуна депутаттар менен укук коргоочу активисттер кабатырлануусун билдирди. Премьер-министр Нури ал-Малики башында турган Ирак өкмөтү 38 министрликтен турат жана анын бир гана мүчөсү Бушра Хуссейин Салех - аял.

Парламенттеги Шийиттердин улуттук курамынын мүчөсү Сафия ал-Сухаил өкмөт курамынын 25% аялдарга берилсин деген талапты аял-эркек 106 депутат өлкө президенти, премьер-министр жана парламент спикерине тапшыргандыгын билдирди.

17-декабрда Кыргызстанда да коалициялык өкмөт куралып, премьер-министр Алмазбек Атамбаев башында турган өкмөттүн курамында бир дагы аял жок.

XS
SM
MD
LG