Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Н.Назарбаевдин мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу талкууланууда


Казакстандагы демилгечи топ референдум өткөрүү үчүн кол топтоого киришти. Оскемен шаарындагы жыйынга өлкөнүн булуң бурчунан жүздөгөн окумуштуулар, ишкерлер, жазуучулар жана саясий ишмерлер чогулду. Казак президентинин бийликтеги мөөнөтү 2012-жылы соңуна чыгат. Ал эми Н.Назарбаев дагы бир мөөнөт өлкөнү башкарууга камынып жатканын анын кеңешчиси Ермухамед Ертысбаев журналисттерге билдирди.

Оппозиция өкүлдөрүнүн бири Н.Назарбаевдин шайлоого барбай туруп, өз мөөнөтүн референдум аркылуу 2020-жылга чейин узартууну көздөп жатканы шайлоодо жеңилип калуу коркунучунан келип чыккандыгын "Азаттыктын" Казак кызматына айтты.

Казакстанда каттоодон өтпөгөн "Алга" партиясынын лидери Владимир Козлов 2012-жылкы президенттик шайлоого камынып жатканын мурда билдирген.

XS
SM
MD
LG