Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Т. Акун Астанада кыргызстандык мигранттардын көйгөйү менен таанышты


Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун Астана шаарынан билдирди. Анын айтымында, иш сапарынын жүрүшүндө казак кесиптеши Аскар Шакиров менен жолгушуп, Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын укугунун бузулушуна байланыштуу жагдайларды талкуулады. Бул жаатта биргелешип иштөө боюнча акыйкатчылар ортосунда келишимге кол коюлганы жатат. “Казак акыйкатчысы абактарда жаткан кыргызстандык жарандарды бошотууга, аларды мекенине алып келүүгө жардамдаша турган болду”, - дейт Т. Акун.

Жыл башында кыргызстандык мигранттар Казакстанда соңку убакта соода кылып иштеп каражат табууга тоскоолдуктар күчөгөнүн айтып өкмөткө кайрылып, нааразылык акция уюштурган. Андан соң депортация күчөгөн. Расмий маалымат боюнча Казакстанда болжол менен 50 миңдей кыргызстандык мигрант эмгектенет. (EBM)

XS
SM
MD
LG