Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

“Ата Мекен” коалициянын кадрдык саясаты менен макул эмес


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы башкаруучу коалициянын кадрдык саясатын айыптап билдирүү таратты. Анда "коалициялык өкмөт кызмат бөлүштүрүү үчүн эмес, ага кирген ар бир фракциянын шайлоочуларга берген убадасын аткаруу үчүн түзүлөт, кызмат орундар эмес, жоопркерчилик бөлүштүрүлүшү керек. “Биримдик жана өнүгүү” коалициясы бул принципти сактаган жок, өз кезегинде кызматтарды бөлүштүрүп, андан пайда табууну көздөө элдин 7-апрелде көтөрүлүшүнө, мурунку бийликтин кулашына, алып келген”,-деп айтылат билдирүүдө. Мунун алдында Укук коргоочулар кеңеши да парламентти кызмат бөлүштүрүү менен алектенбөөгө чакырып билдирүү таратты. Башкаруучу колаициянын өкүлдөрү кадрдык саясат боюнча дооматтарды четке кагышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG