Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

“Свет аке” эл аралык кинофестивалдан байгелүү кайтты


Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кыргызстандык кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасы Таллинде өткөн “Кара түндөр” кинофестивалында НЕТПАК сыйлыгына ээ болду. Андан тышкары кыргызстандык жаш режиссер Наргиза Маматкулованын “Сөйкө” деп аталган тасмасы Роттердам кинофестивалынын 40 жылдык мааракесине чакырылды. Бул маараке жаңы жылдын 26-январында башталат. Роттердамдагы кинофестивалда кыргыздардын сүйүктүү тасмалары: “Жетинчи ок” жана “Ысык-Көл жоогазындары” көрсөтүлмөкчү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG