Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргызстандын президенти Ирандын лидери менен жолугушту


Эки президенттин жолугушуусу 23-декабрда Стамбулдагы саммиттин алкагында болду. Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Иран мамлекет башчысы Махмуд Ахмадинежадга июнь коогалаңынан кийин Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал эми М. Ахмадинежад Р. Отунбаеваны аймактагы жалгыз аял-президент экендигин белгилеп, анын ишине ийгилик каалады.

Президент Роза Отунбаева ошол эле күнү Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен да жолугушту. Казак өкмөт башчысы Кыргызстанда акыркы убактарда ишке ашкан саясий окуялар, анын ичинде коалициянын куралышы, өкмөт түзүлүп, ишке кириши менен куттуктады. "Роза Отунбаева казак өкмөт башчысын Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды",-деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG