Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Жарандык коом: ЖК төрагасы демократияга сыйбаган демилге көтөрүүдө


“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы тараткан билдирүүдө айтылгандай, жарандык коом Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибековдун парламенттин ишин чагылдыруучу журналисттерди аккредитациялоо тартибин өзгөртүүнү максат кылып жатканына тынчсыздануу айтылат. Билдирүү ээлери спикер мырзанын "эгер журналист эки жолу эскертүү алчу болсо, аккредитациядан ажырайт",-деп айтканы демократияга сыйбайт деп эсептешет. "Мындай чара маалымат каражаттарына парламенттин ишин ачык-айкын чагылдыруусуна бут тосот" деп белгилеген кайрылуу ээлери парламент Кыргызстандын бардык жарандарынын кызыкчылыгы үчүн иштөөчү демократиялык институт катары ачык, айкын жана элге отчет берүүчү орган экенин эскертишкен. Ошондуктан жарандар парламентте жүрүп жаткан иштер, депутаттар шайлоочулардын алдында берген убадаларын кантип аткарууну көздөп жатканы тууралуу толук маалымат алууга укуктуу деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча журналисттерди аккредитациялоо тартибине өзгөртүү киргизилбейт. Бирок ошол эле учурда журналисттердин парламенттин отуруму жүрүп жаткан залда өзүн алып жүрүүсү боюнча кошумча эрежелер киргизилген. Бул эрежелер азыркы Жогорку Кеңештин имаратында басма сөз өкүлдөрү менен депутаттар бир залда отурууга аргасыз болуп жатканына байланыштуу алардын бири-биринин ишине жолтоо болбосунун алдын алуу аракетинде гана киргизилип жатат, журналисттерге парламенттин ишин чагылдыруусуна эч кандай чектөө коюлбайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG