Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

“Мекен шейиттери” коому бийликке кайрылуу жолдоду


Кайрылуу ээлери апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот ишине канааттанбагандыгын билдиришет. Алар апрель окуясында куралсыз элге ок атууга буйрук берген башкы күнөөлүүлөрдүн камалбай, айрымдары качып жүргөнүнө нааразылыгын билдирип, "убактылуу өкмөт апрель окуясы боюнча сотко кайдыгер мамиле жасап жатат" деген нааразылыгын билдиришкен. Кайрылууда 7-апрель күнү элге ок аткандарга эн жогорку жаза берилүүсү, элдик революция мамлекеттик деңгээлде парламенттин сессиясында каралып, саясий баа берилүүсүн талап кылышкан. Мындан тышкары парламенттин сессиясына апрель окуясынын жабырлануучулары катыштырылуусу, сот отурумунун мамлекеттик деңгээлде өтүшүн өкмөт камсыз кылуусу, соттун жүрүшү сыналгы жана радио аркылуу түз алып берилүүсү, сот жараяндары кыргыз тилинде өтүүсү талап кылынган.

Апрель окуясында балдарынан ажыраган энелердин атынан жазылган кайрылууга он аял кол койгон. Кайрылуу мамлекет башчы Роза Отунбаеванын, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун атына багытталган.

Апрель окуясында 87 киши окко учкан, алардын ар биринин үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан 1 млн. сомдон берилген, айрымдарына “Эл баатыры”, “Даңк” ордендери жана башка мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG