Муну кечээ телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн президенттери белгилешти. Барак Обама менен Дмитрий Медведев START келишими АКШ сенатында ратификациядан өткөнүн кубатташты. Президенттер муну менен эки өлкөнүн өз ара урматташкан, конструктивдүү өнөктөштүгүн чыңдоого мүмкүндүк түзүлдү деп эсептешет.