НАТОнун өкүлдөрү бул тууралуу мурдагы маалыматын төгүнгө чыгарышты. "Биз мурда кармалган бул кишини Ирандын "Кодс" дивизиясынын мүчөсү деп айткан элек, бирок текшере келгенде ал экстремисттик айрым уюмдар менен байланышып, курал-жарак аткезчилигине көмөктөшкөн адам болуп чыкты",-деп билдирди эл аралык күчтөрдүн өкүлү Майкл Жонсон. Буга чейин НАТОлук өкүлдөр Кандагарга жакын жерде Ирандын өзгөчө тандалма корпусунун – чет өлкөлөрдө атайын операцияларды өткөргөнгө адистештирилген "Кодс" дивизиясынын мүчөсү колго түшкөнүн айтышкан эле. Тегеран бийликтери бул маалыматты дароо төгүндөшкөн эле.