Документти жактап 350 депутат добуш берди, 58и каршы болду. Келишимге байланыштуу мыйзам экинчи окумда эмдиги айдын ортосунда каралат. Думанын жыйыны жабык мүнөздө өттү. Талкуулар башталар алдында коммунисттер менен либерал-демократтар ратификациялоого каршы экенин айтышкан эле. Келишим Думада жактырылар замат аны Федерация кеңеши да ратификациядан өткөрөт. START келишими АКШ сенатында шаршемби күнү ратификациядан өткөн эле.