Россиянын президенти Дмитрий Медведев жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, түз ободо берилген суроолордун бирине ушундай деп жооп берди. START келишимин Обама кыйын шарттарда сенатта ратификациядан өткөрө алганын жогору баалап, Медведев кансыз согуш жылдарында касташып келген эки өлкөнүн мамилелерин кайра оңдоп куруу ишинде аталган келишим өзгөчө маанидеги иш болгонун белгиледи.