Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө 1,2 миллиард сом табылды


Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул каражат 2011-жылдын бюджетиндеги чыгымдарды кайра кароо жана мамлекеттик башкаруудагы айрым төлөмдөрдү кыскартуу жолу менен табылды. Натыйжада 1-январдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көтөрүлүп, бул биринчи разряддагы бирдиктүү тарифтик көрсөткүчтү 530 сомдон 690 сомго чейин көтөрүү жолу менен ишке ашууда. Декабрь айынын башынан тарта Тоң, Жети-Өгүз, Базар-Коргон өңдүү бир катар райондордо мектеп мугалимдери айлык акыны он миң сомго чейин көтөрүү талабын коюп чыгышкан. Өкмөт айлыкты азырынча 30 пайызга гана көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирген эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG