Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 23-декабрда Москванын соттук медициналык экспертиза борборунда сөөгү таанылбай жаткан дагы 4 адамдын ДНКсы аныкталганы кабарланды. Муну менен ДНКсы аныкталган сөөктөрдүн саны 12ге жетти. Июнь окуяларында кимдиги аныкталбай жаткан сөөктөрдөн жалпысынан 205 материал алынып, Москва шаарына экспертизага жөнөтүлгөн. Буга чейин текшерүүнүн эки баскычы бүттү. Эми ДНКсы аныктала элек материалдар экспертизанын эң татаал үчүнчү баскычында текшерүүдөн өтөт. Ал үчүн 3-4 ай талап кылынат. (KKs)