Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Президент окуучуларды спорт жана искусствого кызыгууга чакырды


Бүгүн Бишкекте өткөрүлгөн президенттик балатыда өлкө башчысы Роза Отунбаева сөз сүйлөп, мектеп окуучуларын сергек жашоого жана спорт менен искусствого кызыгууга үндөдү. Президент учурда бардык мектептерди спорттук залдарды курууга мүмкүнчүлүк жетпей жатса дагы кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерде жакшы жетикендиктерди жаратып жатканын белгиледи. Ошондой эле окуучуларга англис тилинде да каалоосун айтып, жеткинчектерди чет тилдерин үйрөнүүгө чакырды. Бул жылы президенттик балатыга Кыргызстандын аймагынан 800гө жакын мектеп окуучулары катышты. Алардын көпчүлүгү июнь жана апрель окуяларында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары. Балатынын жүрүшүндө окуучулар үчүн “Аяздагы саймалар” аталышындагы концерттик программа көрсөтүлүп, азем балдарга белек тапшыруу менен аяктады. (KKs)

XS
SM
MD
LG