Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Маданият жана маалымат министрлиги жыл мыктыларын тандады


25-декабрда Маданият жана маалымат министри Кыргызстандагы маданий борборлордун, искусство кызматкерлеринин ичинен эң мыктыларын тандады. Ага ылайык Баткен облустук музыкалык драм театры, Мамлекеттик цирк, Ысык-Көл облустук драм театры “2010-жылдын эң мыкты маданий борбору” деп табылып, акчалай сыйлыкка ээ болду. Мындан тышкары “Жылдын мыкты актер жана актрисасы” наамы Нарын музыкалык драма театрынын артисти Канат Мамырканов жана Жаштар театрынын актрисасы Назира Мамбетовага ыйгарылды. Иш-чарага катышкан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, мыкты маданий борборго 40 миң сом, мыкты актер, режиссерлорго 5-10 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Мыктыларды тандоо учурунда алардын жыл ичинде коюлган спектаклдерге катышуусу, маданий борборлордун элди тейлөө деңгээли эске алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG