Нурсултан Назарбаевдин президенттик ыйгарым укуктарын 2020-жылга чейин узартуу боюнча референдум 2011-жылдын мартында өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Астана шаардык кеңешинин төрагасы Владимир Редкокашин билдирди. Анын маалыматына ылайык, референдум демилгесин көтөргөн топ Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Мыйзамга ылайык, демилгечилер каттоодон өткөндөн кийин кол топтоого кирише алышат. Андан кийин бул сунуш президент Нурсултан Назарбаевге жөнөтүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы маселени 27-декабрда карамакчы.
Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келатат. Буга чейин ал эки ирет шайланып, бир жолу референдум аркылуу президенттик мөөнөтү узартылган. Эмки президенттик шайлоо 2012-жылга белгиленген.
Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келатат. Буга чейин ал эки ирет шайланып, бир жолу референдум аркылуу президенттик мөөнөтү узартылган. Эмки президенттик шайлоо 2012-жылга белгиленген.