Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Кыргызстандык тасма Роттердам эл аралык кинофестивалына катышат


Кыргызстандык жаш режиссер Наргиза Маматкулованын “Сөйкө” аттуу кыска метраждуу тасмасы Роттердам эл аралык кинофестивалына катышууга чакыруу алды. Бул туурасында Наргиза Маматкулова “Азаттыкка” билдирди. Нидерландиянын Роттердам шаарында өткөрүлө турган бул кинофестивал 26-январдан 6-февралга чейин созулат. “Сөйкө” кыска метраждуу кинотасмасы кызга сөйкө салуу салтын баяндап берет. Андагы негизги идея - кыз баланын башынын эркиндиги, өз укугуна ээлиги. Бул тасма жакында Дубай шаарында өткөн “Дубай” эл аралык фестивалына катышып, биринчи орунду алып келген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG