Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттетин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жаңы жыл күнү жана ага чейинки күндөрдө коомдук тартипти сактап, ар кыл чагымчыл иш-аракеттердин алдын алуу үчүн Бишкек, Ош шаарларында, район борборлорунда жана өлкөнүн ири айылдарында күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлөт. Маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар укук коргоо кызматкерлеринин коштосунда ишке ашат. Ушул тапта өзгөчө маанилүү жайлар, курал-жарак сакталуучу имараттар күчөтүлгөн тартипте коргоого алынууда. Мындан сырткары МАИ кызматкерлеринин жана чек ара кызматтарынын иштөө тартиби да күчөтүлдү. Майрамда коомдук коопсуздукту сактоого ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери тартылат. (KKs)