Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Обама Пакистандагы терактты айыптады


АКШ президенти Барак Обама Пакистандын Бажур чөлкөмүндө кечээ болгон кол салууну айыптады. Жан кечтинин жардыруусунан гуманитардык жардам таркатуучу борбордо бери дегенде 43 адам набыт кетти, 60тан ашууну жараат алды. Обама жардам алып жаткан бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү “ырайымсыздык” деп атап, бул – Пакистан элин гана эмес, адамзатты кемсинтүүгө барабар деди. Терракттан кийин Дүйнөлүк азык-түлүк программасы чөлкөмдөгү 4 борборун жапты. Андай буйрук жергиликтүү бийлик тарабынан алынган. Ооганстан президенти Хамид Карзай кол салунуну артында турган адамдарды жок кылуу үчүн бар күчүн жумшоого Пакистан өкмөтүн чакырды. Бажур Ооганстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG