Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Түркмөнстанда мыйзамсыз маң заттарынын ири көлөмү жок кылынды


Түркмөнстан коопсуздук органдары атайын операция маалында колго түшүрүлгөн 700 килограммдай банги заттарын өрттөштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Өкмөт маң заттарынын кайсы түрү жана качан колго түшүрүлгөнүн шардана кылган жок. Андай маалыматты Ашгабад чанда эле берип келет. Түркмөнстан героиндин ири булагы болгон Ооганстан менен чек аралаш.

XS
SM
MD
LG