Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

Ооган бийлиги НАТО аскерлерин сындады


Ооганстан АКШ жетектеген НАТОнун күчтөрүн коопсуздук келишимин бузгандыгы үчүн айыптады. Ооган ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, менчик коопсуздук компаниясында жума күнү өткөрүлгөн рейд учурунда оогандык 2 киши набыт кеткен. Коалициялык күчтөргө жардам берген полиция генералы кызматынан убактылуу алынды, иштин чоо жайы иликтенип жатат. Кабулдагы коопсуздукту камсыздоо милдети 2 жыл мурун Ооган аскерлерине жүктөлгөн. Андыктан бардык операциялар өкмөт менен макулдашылып турууга тийиш. НАТОнун командачылыгы жума күнкү рейд АКШ элчилигине каршы терракт даярдалып жатат деген маалымат түшкөндөн кийин өткөрүлгөн деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG