Москвада ксенофобияга каршы митинг өттү. Пушкин аянтына чогулган бир нече миң киши улуттук азчылыктарга болгон кол салууларды, улутчулдардын күч алышын айыпташты. Акцияга жазуучулар, маданият ишмерлери, илимпоздор, интеллегинциянын башка өкүлдөрү катышты. Демонстранттар “Фашизмге - жок !” деген уранадарды көтөрүп турушту.