Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Бул аптада Урмат Барктабасовдун соту болот


Президенттикке мурдагы талапкер, апрель окуясынан кийин Кыргызстанга келип премьер-министрлик кызматты талап кылган Урмат Барктабасовдун соту 29-декабрда болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” У.Барктабасовдун адвокаты Жаманкул Жунусов маалымдады. Адвокат Ж.Жунусовдун айтымында, У.Барктабасов менен кошо айыпталып жаткан 14 кишинин айыбы жок. Анын айтымында, 4-августта Бишкекке курултайга келе жаткан элди милиция күчтөп тоскон, айыпталып жаткандардын күнөөсүздүгүн аныктап берүүчү далил заттар жетиштүү.

Урмат Барктабасов 4-августта кармалган. Ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, ошол күндөн бери УКМКнын абагында камакта. Аны менен кошо кармалган 15 кишинин төртөө үй камагына чыгарылган. 4-августта "бийликти күч менен басып алуу аракетине тиешеси бар" деген негиз менен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага да издөө жарыяланган.

Урмат Барктабасовго 2005-жылы 17-июнда да “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, издөөдө да жүргөн.

XS
SM
MD
LG