Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:35

ИИМ жана УКМК жарандарды сак жана сергек болууга чакырат


Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун, ири шаарлардын жашоочуларын жана жалпы кыргызстандыктарды соңку окуяларга байланыштуу сак жана сергек болууга чакырууда. Жарандар кайсы бир жерден шек туудурган кароосуз баштык же куту байкашса дароо милицияга билдирүүлөрү керек. Анткени ал жарылуучу зат болуп калуусу толук мүмкүн.

Күч органдары ири шаарларга кирүүчү жолдорго көзөмөл бекеттерин коюп, курал-жарактарды, жарылуучу заттарды эл жыш жашаган аймактарга өткөрбөө багытында чараларды көрүшүүдө. Ошондой эле жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлүп, массалык майрамдоолор өтчү жайлар катуу кайтарууга алынмакчы. Бишкек шаардык бийлииги болсо эл чогулган жерлерде, окуу жайларынын жанында жаңы жылды майрамдоодо учурунда салют-фейерверктерге тыюу салды. Ош шаар бийлиги жаңы жылды тосууда салют-фейерверктерден такыр эле баш тарткан.

Эскерте кетсек, буга чейин 30-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанында жардыруу болгон. 25-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын так алдына белгисиз бирөөлөр жарылуучу заттар салынган “Land Rover” маркасындагы унааны калтырып кеткен. (IJz)

XS
SM
MD
LG