Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Байкоочу кеңеш мугалимдердин талабын колдойт


Билим берүү жана илим министрлигинин Байкоочу кеңеши мугалимдердин айлык акыны көтөрүү боюнча талабын колдогон билдирүү таратты. Аталган кеңеш анда өлкө жетекчилигине кайрылып, бул маселени чечүү боюнча тез арада иш-чараларды көрүүгө чакырды.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 20-декабрда мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу маселери боюнча жыйын курган. Өкмөт башчы министрлерди маянаны жогорулатуу боюнча макулдашылган сунушту 10 күнгө чейин даярдап чыгууга милдеттендирген, мугалимдердин айлык акысы керектөө деңгээлинен төмөн болбошу керектигин билдирген.

Буга чейин билим министри Канат Сыдыков мугалимдердин айлыгы жыл жаңыргандан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн, жакынкы жылдары кеминде 10 миң сомго жеткирилээрин маалымдаган. Бирок өлкө мугалимдери 30 пайыз жогорулатууга макул болбой жатышат. Ушул айдын башынан тарта өлкөнүн бир катар аймактарындагы мектеп мугалимдери айлык акыны көтөрүү талабы менен нааразылык чараларын өткөргөн эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG