АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Манас” аба майданындагы транзиттик жүк ташуучу борбор менен биргелешип, Бишкектеги көркөм өнөр мектеп-интернатына 10 миң долларлык эмерек берди. Элчилик тараткан билдирүүгө ылайык, эми өлкөнүн ар аймагынан келген өнөрлүү балдар шарты жакшырган мектепте билим алышмакчы. Көркөм өнөр мектебинде азыр 160 бала окуйт. (EBM)