Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

“Кебел” жыл жыйынтыгын чыгарат


“Кебел” жаштар кыймылы Бишкекте 29-декабрда 2010-жылы өлкөдө болгон саясий окуяларды талдаган жыйын өткөрөт. Иш-чарага жаштар уюмдарынын, шайлоого катышкан партиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышмакчы. Аталган кыймылдын мүчөсү Мирзат Ажиев “Азаттыкка” талкууда быйылкы ири саясий окуяларга баа берилип, кемчиликтер талдануу менен келерки жылда аларды кайталабоо боюнча сунуштар айтылаарын билдирди.

2009-жылдын башында “KG жаштары” саясий клубу “Кебел” кыймылы болуп түзүлгөн. Кыймылдын мүчөлөрү тышкы карызы чоң жакыр өлкөлөрдүн ХИПИК программасына Кыргызстандын киришине каршы жана 2007-жылы парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразыланып, бир катар акцияларды өткөргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG