Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао улуттук өкмөт азык-түлүктүн жана кыймылсыз мүлктүн ылдам өсүп бараткан баасын токтото алат деп ишенет. Вэн мындай радиобилдирүүнү Кытайдын борбордук банкы акыркы эки айда кредиттин наркын экинчи жолу көтөргөндөн кийин жасады. Вэн кыймылсыз мүлктүн баасын ооздуктоо боюнча быйыл бекитилген план жакшы аткарылбаганын айтып, келерки жылы өкмөт арзан үйлөрдү курууну тездеттире турганын белгиледи.