Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Ходорковский 2017-жылы абактан чыгышы мүмкүн


Москванын соту ЮКОС мунай компаниясынын мурдакы ээси Михаил Ходорковскийди жана анын бизнес-ынагы Платон Лебедевди мунай уурдады жана мыйзамсыз акча адалдаштырды деп тапты.Сот төрагасы узак өкүмдү качан окуп бүтөрү белгисиз. “Азаттыктын” кабарчысы Мария Трачешникованын кабарлашынча:

- Сот Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев уюмдашкан кылмыштуу топ менен бирдикте компанияны стратегиялык жактан башкарууну колго алууга умтулуп, ЮКОСтун мүлкүн уурдашканын аныктады деп жарыялады сот төрагасы Виктор Данилкин.

Эки ишкер 2003-жылы ишканадан 218 тонна мунай уурдаган, салык төлөгөн эмес деп, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Прокурор сурагандай эки айыпкер 14 жылга кесилип, жаңы өкүм мурдакысы менен чогуу эсептелсе, алар 2017-жылга чейин абакта калышат.
Сот имаратынын жанында Ходорковскийдин жүздөгөн жактоочулары “Эркиндик”, “Россия - Путинсиз” деген ураандарды кармап, нааразылык чарасын өткөрүшүүдө. Германиянын акыйкатчысы Ходорковский жана Лебедевди кайра айыпка тартууну “саясый жүйөө менен соттоонун үлгүсү” деп атады.

XS
SM
MD
LG